• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жалал-Абадда өрттүн кесепетинен бир адам көз жумду

28 Бирдин айы 2019 11:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.02.2019.Govori.TV.

28-февралга караган кечте Жалал-Абад шаарынын Базарбаев көчөсүндө бир шаар тургуну турак үй ичинде кулптанып калганы тууралуу аймактык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабар келип түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя болгон жерге барган куткаруучулар эшикти ачып, үйдөн чыга албай калган 60 жаштагы жарандын сөөгүн табышкан.

Сөөк укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Учурда анын өлүмүнүн себеби жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

ӨКМ билдиргендей, 2019-жылдын алгачкы эки айында Жалал-Абад облусунда 64 өрт кырсыгы катталган. Кырсыктарда келтирилген материалдык чыгым 7 млн. 571 миң 444 сомду түздү.

Количество просмотров: 6