• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абадда сабак учурунда мектептин шыбы кулап түштү (сүрөт)

17 Бугу 202214:00 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда мектептин шыбы кулап түштү. Бул тууралуу Өзгөчсө кырдаалдар министлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы (потолок) урап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык каттаган жерге № 79 ӨК-КБнүн 3 куткаруучусу тартылып, куткаруу жумуштарынын натыйжасында 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылып Ала-Буа райондук ооруканасына жөнөтүлдү.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 594