ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июлда саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя а/а Сарт Маала айылында кокту-колоттордон түшкѳн сел суулары турак үйлөрдүн короолорун каптаган, Жеринде Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ сел болгон жерде иш алып барууда.
Ошондой эле Кара-Дарыя, Достук айылында кокту-колоттордон түшкѳн сел суулар Сузак-Кара-Дарыя автоунаа жолун каптап унаа өтүүгө кооптулук жараткан.
Жеринде Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, Кара-Дары а/а тарабынан жеке менчик 1 бирдик автожүктөгүч,1 бирдик трактор тартылып тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Аксы районунун Авлетим а/а Мукур айылынын Чотон-Ооз,Котур-Булак, Ырысбай-Сай тилкелеринде бир нече турак үйлөрдүн короо жайларын сел суулар каптаган.
Жеринде Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бѳлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде, Аксы райондук ѲКБнүн ЖКБнүн башчысы менен биргеликте иш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.