• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда сел жүрдү

18 Кулжа 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-июнда түндө жааган катуу жамгырдан улам Гуруч участкасындагы дамбанын жээги жарылып, Чаңгыр-Таш жана Калинин айылындагы 50дөн ашуун турак жайды суу каптаган.

Сел суулары ошондой эле эки мектептин жана ооруканын короолоруна да кирген. Сузак — Кара-Дарыя унаа жолунун алтынчы чакырымына кум аралаш шагыл түшүп, жол убактылуу жабылган.

Сел жүргөн айылдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылып, тазалоо иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Сузак — Кара-Дарыя унаа жолун тазалоо үчүн техники тартылып, саат 23:30да жол ачылган.

Количество просмотров: 172