• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жалал-Абадда шайлоочулардын 23%ы добуш берди

11 Чын куран 2021 16:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаары боюнча жалпысынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумда шайлоочулардын 23%ы добуш беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Турусбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүгө 11,5 миңден ашык шайлоочу катышты.

«Жалал-Абад шаары боюнча жергиликтүү кеңештерди шайлоого 50 миң 126 шайлоочу, ал эми референдумга добуш берүүгө 50 миң 91 шайлоочу катталган. Шаар боюнча шайлоо мыйзамдарын олуттуу бузуу фактылары катталган жок. Жалал-Абад шаарынын №2092 шайлоо тилкесинде саясий партиялардын бири бет каптарды таратып жатат деген маалымат социалдык тармактарга тарап кеткен, бирок ал атайын кызматкерлер тарабынан такталган эмес. 15-20 адамдын биринен жашыл түстөгү беткаптар аныкталып жатты. Бул боюнча шаардык Ички иштер башкармалыгына кат жөнөтүлдү”, — деди ал.

Количество просмотров: 119