Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 30 жана 23 жаштагы аялдар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, 26-февралда Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде, массаж жасоого кызмат көрсөтөбүз деп сойкулук менен алектенүүгө көмөскө жай уюштуруп, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдикүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
«Аталган кылмышка шектүү катары Ала-Бука районунун 1995-ж.т. С.кызы Ж. жана Ноокат районунун 2002-ж.т. Б.Х. аттуу тургундары аныкталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1995-ж.т С.кызы Ж. 2012-жылдан бери ал эми 2002-ж.т. Б.Х. 2023-жылдан бери сойкулук менен алектенип келишкендиги маалым болгон», — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.