Жалал-Абад ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан “Түнкү автоунаа” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБ кабарлады.
Маалыматка ылайык, рейддин алкагында 3 айдоочуга унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн протоколдор толтурулду. 12 айдоочу коопсуздук курун тагынбастан унаа башкарып бараткандыгы аныкталды. 8 айдоочуга жол белгилерине баш ийбегендиги үчүн айып пулдар салынды.
Тиешелүү документтери жок унаа айдашкандыгы үчүн 6 айдоочуга протокол толтурулуп, унаалары айып короосуна токтотулду.