• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштетүү боюнча окутуу өткөрүлдү

27 Үчтүн айы 2023 11:01 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында WasteNet.KG бизнес тармагынын адистери тарабынан таштандыны кайра иштетүү боюнча окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Элдос Таев, «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин кызматкерлери, шаарда жайгашкан тейлөө тармагынын жана кафе-ресторандардын өкүлдөрү катышты.

Окутууда шаардагы калдыктарды азайтуу үчүн, калдыктарды башкаруу системасын киргизүүнүн негизги принциптери жана багыттары, таштандыны сорттоо, өзүнчө чогултууну жана аны кайра иштетүүгө берүү менен таштандыга кетүүчү калдыктарды азайтуу туурасында маалыматтар айтылды.

Белгилей кетсек, мекеме-ишканалар, кафе-ресторандар 6 пайыздык жеңилдетилген насыя алып, ага таштандыларды иргеп салуучу урналарды сатып алып, иргелген таштандыларын WastNet. KG таштандыларды башкаруу тармагына сата алат.

Количество просмотров: 53