• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абадда «Тазалык» ишканасынын кызматкери сабалды

25 Бештин айы 20209:28 Бишкек Govori.TV


Жалал-Абад шаарында «Тазалык» ишканасынын кызматкери сабалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Жалал-Абад Тазалык» ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова белгисиз адам тарабынан сабалган. Анда жабырлануучуну таш менен ур-соккуга алган эркек киши милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткен.

«Жабырлануучу арыз жазып, топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда шектүүнү аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 308