• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жалал-Абадда терек кулап, үйдүн чатырын басып калды

17 Кулжа 2022 11:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда терек кулап, бир үйдүн чатырын басып калды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл өкмөтүнүн Жой-Белент айылында 16-июнь күнү кечки саат 20:00 чамасында катуу шамалдын кесепетинен турак үйдүн үстүнө терек кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук куткаруу кызматынын 1 офицери жана 3 куткаруучусу тартылган.


Тактоо иштеринин натыйжасында Дуулатовго таандык турак үйдүн чатырына 3 даана терек кулагандыгы аныкталган. Жергиликтүү тургундардан 1 экскаватор тартылып, теректер үйдүн үстүнөн алынган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 262