Жалал-Абад шаарында өткөн массалык ишембиликте. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишембиликке Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Нурбек Сатаров, мэрдин орун басары Элдос Таев баштаган калаадагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү жана медицина кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
«Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы тазаланды. Жыйынтыгында шаар аймагынан жалпы 140 метр куб таштанды чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.