Жалал-Абад облусунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген маалымат түшкөн.
Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси майор Маматкулов баштаган өздүк курам жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел сууларды тазалоо иштери жүрүүдө.