• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жалал-Абадда УКТ мүчөсү кармалды

8 Чын куран 2022 17:53 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмыштуу шериги менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-март күнү саат 03:00 чамасында белгисиз жарандар Өзбекстандын 49 жаштагы жаранынын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу жашаган үйүнө кирип, уктап жаткан жеринен «биз общактанбыз» деп коркутуп ноутбук жана уюлдук телефонун алып, өзүн унаа менен талаага алып барып уруп, 50 миң сом ачка таап бересиң деп кайра үйүнө таштап кетишкен.

Бул факт Жалал-Абад ОИИБдин МЭЖне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган 1996-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну М.А. жана анын кылмыштуу шериги 1997-жылы туулган Сузак районунун тургуну Ш.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 316