• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жалал-Абадда ысырапкорчулукту алдын алуу иштери жүрүүдө

4 Жалган куран 2022 13:09 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда ысырапкорчулукту алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул туурасында Жалал-Абад облусттук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тогуз-Торо районунун акими М.Карагулов, райондук милициянын начальниги Т.Сабырканов жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кош-Булак, Додомол айылынынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Анда Садыр Жапаровдун ысырапкорчулуктун алдын алуу багытындагы жарлыгы боюнча маалыматтар түшүндүрүлдү. Ал эми Аксы районунун Кара-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары менен биргеликте тейлеген аймактарында жыйындарды өткөрүшүп, түшүндүрүү жумуштары алып барылды.

«Ысырапкорчулукту алдын алуу иштери Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан да аткарууга алынып, жергиликтүү калк арасында жолугушуулар уюштурулду. Милиция тарабынан бул Жарлыктын аткарылуусуна көңүл кош мамиле кылбоо, туура эмес диний ырым-жырымдардан арылуу зарылдыгы жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Анда өлүм-житимдерге мал союуга тыюу салынган.

Количество просмотров: 136