• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жааган жамгырдан улам турак үй урап түштү

16 Жалган куран 202211:52 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 15-мартта Жалал-Абад шаарында тынымсыз жааган жамгырдан улам турак үй урап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 23:15 чамасында жаандын кесепетинен Нагорная көчөсүндө жайгашкан №171 турак үйдүн дубалын жууп, Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №182 турак үйгө көчүп түшкөн.

Белгиленгендей, кырсыктан жабыркагандар жок. 2 турак үйдөгү жалпы 22 адам кошуналардын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлгөн. Ал эми Ж.Бакиев көчөсүндө жайгашкан 71/8 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Тартылган күч каражаттардын жардамында суулар мотопомпанын жардамында сордурулган

Количество просмотров: 376