• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда жар көчүп, эки баланы басып калган

10 Теке 202411:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын Барпы көчөсүндө жар көчүп, 4 жана 2 жаштагы эки баланы басып, экөө тең чарчап калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июлда күндүз болгон.

«Милицияга жергиликтүү тургундардын бири чалып, жар боюнда ойноп жаткан балдарды (2020-жылы туулган Н.Х. жана 2022-жылы туулган М.С) жардын көчүп, басып калып каза болгонун билдирген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 261