• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жалал-Абадда жаран 5 кг баңгизат менен кармалды

13 Теке 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 5 килограмм баңгизат сатуучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баӊгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жарандарды аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүү учурунда Таш-Көмүр шаарынын аймагында “Брат” каймана аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча маалымат алынган.

Бул факты боюнча чогултулган материал Таш-Көмүр ШИИБде катталып, териштирүү иштери башталган.

«Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык оорукананын түштүк тарабында Баткен районунун тургуну 1976-жылы туулган К.М.А. аттуу жарандын турган жерин текшерген учурда колундагы баштыгынан өзгөчө кескин жыты бар зат алынган. Криминалистикалык кызматтын кортундусунун негизинде беш даана бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, салмагы 5 кг 21 граммды түзгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын жана алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 198