• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды (сүрөт)

30 Үчтүн айы 2023 12:01 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБге Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, шилтеп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип, тапанча менен бутунун астына атып, 50 000 сомун күчкө салып тартып алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ошондой эле, 2022-жылдын апрель айында милицияга дагы бир жаран А. арыз менен кайрылган. Себеби, Жалал-Абад шаарында жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 000 сомго сатып, ага 700 000 сомун гана берип, калган 250 000 сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөн, ушул эле айда “Айбек” менен “Турар” аттуу жигиттер келишип, алдоо жолу менен коркутушуп, жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатып алуу аракеттерин көрүшүп, бул кылмыштуу ойлору ишке ашпай калган соң, 200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад областтык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, “Турар” жана “Айбек” аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган. Шектүүлөрдүн жашаган дарегине Жалал-Абад шаардык соту тарабынан атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн уруксат токтомдору алынган. 28-январь күнү аталган жарандар кармалышып, Жалал-Абад шаарындагы турак жайларына тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда мурда соттолгон 39 жаштагы С.Т. жашаган үйүнөн 2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель) окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылып алынды.
Мындан сырткары, анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. жашаган үйдөн жана “БМВ” үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылып алынды.
Кармалган оор кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу жайына киргизилди.ба когоо чарасы бүгүн аныкталат. Учурда иликтөө иштери уланууда.


Количество просмотров: 1415