Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 9-февраль күнү саат 10:30да катталган.
«Жер силкинүүнүн күчү Терек-Сай, Бузук айылдарында 3 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.