• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жалал-Абадда жер титиреди

6 Аяк оона 2023 11:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 5-сентябрда саат 00:12де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Совет, Карача айылдарында, Ноокен районунун Масы, Кызыл-Октябрь, Эски-Масы айылдарында 4 балл, Базар-Коргон шаарында, Акман айылында, Ноокен районунун Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарында, Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 66