• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда жер титиреди

21 Тогуздун айы 20209:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 21-октябрь күнү саат 05:08де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Маалымат жаңыланды.

Количество просмотров: 112