• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жалал-Абадда жер титиреди

15 Үчтүн айы 2021 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-январда болжол менен саат 06:42 чамасында Жалал-Абад облусунда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институту билдиргендей, анын очогу Ак-Терек айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта, Жийде айылынан 11 чакырым түндүк-чыгышта, Көк-Жаңгак шаарынан 22 чакырым түштүк-чыгышта, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышты карай 41 чакырымда жайгашкан.

«Жер титирөөнүн күчү Ак-Терек, Жийде айылдарында 3,5 баллга, Орказган, Чангет, Кыргызстан, Тосой, Ничке-Сай, Кайрат, Зергер, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга, ал эми Саламалик, Калта, Кара-Чолок, Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Маяк, Жыланды, Маркай, Михайловка, Саты, Кош-Этер айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Количество просмотров: 112