• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда жер титиреди

17 Бугу 202014:52 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 17-майда саат 12:57де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Үч-Терек айылдарында 3 балл, Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 128