• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Жалал-Абаддагы газ баллондун жарылуусунан бир адам мерт болуп, дагы төртөө жараат алды

13 Теке 202416:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында суусундук сатылган күркөдөгү кычкылтек баллону жарылып бир адам мерт болуп, дагы төрт адам жараат алды. Бул тууралуу облустук клиникалык оорукананын жетекчисинин орун басары Арстан Алымбаев «Азатыкка» билдирди.

«Бизге беш бейтап келип түшкөн. Бирөө тилекке каршы каза болду. Эки эки бейтапка мээси чайкалган, дагы экөөнө нерв жактан жабыркаган деген диагноз коюлуп, учурда дарыланып жатат. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, акыбалдары жакшы»,-деди Алымбаев.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 13-июлда эртең менен шаардын борборунда болгон. Социалдык тармактарга тараган сүрөт, видеолордон ал күркө Түмөнбай Байзаков проспектисинин борборунда, соода жайында жайгашканын көрүүгө болот.

Кырсык тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча маалымат, комментарий бере элек.

Количество просмотров: 202