• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абаддагы майрамда адашкан 250 бала табылды. Арасында 8 айлык ымыркай бар

2 Аяк оона 202512:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарындагы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган салтанатта ата-энесинен адашып кеткен 250дөй бала табылган. Бул тууралуу turmush басылмасы Жалал-Абад милициясына шилтеме берип жазды.

Маалымат боюнча, 30-август күнү жакындары менен концерт көрүүгө келген 200дөн ашык бала, 31- август күнү 30дан ашык бала ата-энесинин жанынан адашып калган.

«Аянттын 3 пунктуна көчмө кабылдамаларды уюштурган. Адашкандардын басымдуусу 13 жашка чейинки балдар. Балдарын жоготкон ата-энелердин ичинде коляскада жаткан 8 айлык наристесин таппай калган келин да болду. Ага милиция көмөктөшүп, ымыркайды таап берди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 200