Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында өрт түнкү саат 1:50 дө чыккан. Азык-түлүк сатылуучу жактан тутанган от 1000 чарчы метрден ашык жерди каптаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакын арада эле бул базарда өрткө каршы машыгуу болгонун белгилешти. Бишкектеги Ош базар менен Жалал-Абадтын борбордук базарынын бир түндө өрттөлүшү ар түрдүү суроолорду жаратууда.