• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалдагы мушташ. Жактоочу: Шектүүлөрдүн милицияда иштеген агасына кылмыш иши козголуп мыйзам бузулду

12 Аяк оона 2019 12:56 Бишкек Govori.TV

Жал кичирайонундагы эки адамды аёосуз сабаган бир туугандардын милицияда иштеген агасы Казыбек Бапышевдин жактоочусу Динара Медетова болгон окуя тууралуу бир жактуу жана туура эмес маалымат берилип жатат деген пикирин бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында айтты.

«Казыбек Бапышев жарандарды сабагандар өзүнүн бир тууган инилери экенине карабай өз колу менен милицияга алып барып өткөрүп берген. Ал аларды алып барбай койгон күндө да кылмышка тартылбоосу керек эле. Бапышевге карата козголгон кылмыш иши мыйзамды бузду»,-деди ал.

Мындан тышкары жактоочу өлкө башчыга, бийликке, күч түзүмдөрүнүн жетекчилигине кайрылып, коомчулуктун пикиринен улам жана бир жактуу маалыматтардан улам мыйзам бузуу болбоосу керектигин айтып өттү.

Эске салсак, Казыбек Бапышевге карата кызмат абалы менен пайдаланып, кылмышты жашырууга аракет кылды деген негизде кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 351