• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүүнү ЖК комитети колдоду

16 Бугу 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду колдоду.

Мыйзам долбоорунун авторлору доомат коюлуп жаткан ЖМКга да укук берүүнү, арызды кароодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине медиа каражатынын өкүлдөрүн да чакырууну сунушташты.

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 2022-жылдын 14-октябрында коомдук талкууга коюлган.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Ж. Акаев, А. Мадумаров, Э. Сатыбалдиев, Г. Кожокулова, Д. Бекешев, С. Атамбаев жана Ч.Айдарбеков.

Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, бул Мыйзамы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары, атап айтканда, мамлекеттик органдардын чечимдерин кароо жана даттануу жол-жоболору мурда эле белгиленген «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси менен болгон карама-каршылыктарын жоюу максатында иштелип чыкты.

Белгилүү болгондой, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2021-жылдын 23-августунда кол коюлган. Бул Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыр тарткан адамдын жана ал маалымат жарыяланган маалымат ресурстарынын ээси менен болгон өз ара мамилелерин, алардын укуктары менен милдеттерин жөнгө салат.

«Конституциялык принциптерге ылайык, Кыргыз Республикасында сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбейт. Кыргыз-тажик чек араларындагы соңку трагедиялуу Баткен окуялары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ролу маанилүү экендигин көрсөткөндүгүн белгилеп коюу керек. Журналисттердин жана блогерлердин кайгылуу окуяларды жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдердеги ар кандай сайттарда биримдикте, чынчыл жана ачык-айкын чагылдыруусу биздин өлкөнүн ыплас маалымат согушунда жеңип чыгуусуна мүмкүндүк берди.

 Ушуну менен бирге, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Мыйзамдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн басмырлаган жана сайтты жоюу тууралуу иштерди кароого бир жактуу мамилени орноткон күч-таасири өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн», деп жазылат билдирүүдө.

141022103436_2.-Salyshtyrma-tablitsa-1Скачать

Количество просмотров: 92