• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалган, жалаа маалыматты чыгарган адам жазаланабы же жайылтканбы?

17 Аяк оона 202412:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кылмыш-жаза кодексине жалаа жана мазактоо боюнча кошумча беренени караган мыйзам долбоорун карады.

Жыйын учурунда депутат Равшанбек Рысбаев Маданият министринин орун басарына суроо узатып, «интернетте жалган, жалаа маалыматты чыгарган адам жазаланабы же ал маалыматты жайылткан адам да жазалабы?» деди.

Депутаттын айтымында, азыркы учурда фейк аккаунттар менен ар кандай маалыматтар чыгып жатат.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору сунуштаган. Анда жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Количество просмотров: 117