• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Жалпы иш» фонду үгүт өнөктүгүндө жалпы 127 мыйзам бузуу каттаган

22 Жетинин айы 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

Жалпысынан фондго 2021-жылдын 25-октябрынан 18-ноябрына чейин шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 127 билдирүү келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда «Жалпы иш» фондунун узак мөөнөттөгү байкоочу эксперти Арсланбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, эң көп мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр Ош облусунда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

«Анын ичинде шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 111 билдирүү, добуштарды сатып алуу боюнча 8 билдирүү жана административдик ресурстарту кыянаттык менен пайдалануу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуулар боюнча 8 билдирүү. Фонд шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин КР ЖК депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнү улантат. Добуш берүү күнүнөн кийин Фонд узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү байкоолордун жыйынтыгы боюнча алдын ала баа берет. Узак мөөнөттүү байкоонун жыйынтыгында Фонд бүтүндөй шайлоо процессин, анын ичинде шайлоодон кийинки мезгилди камтыган жыйынтыктоочу отчет даярдайт», — деди Өмүрзаков.

Количество просмотров: 69