• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталды

29 Бугу 202014:36 Бишкек Govori.TV

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталган бүтүрүүчүлөрдүн саны 41 727ни түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖРТ 21-25-июнь күндөрү өтөт. Ал эми жыйынтыктарды жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт.

Ал эми 15-майга чейин ЖРТга катталууга үлгүрбөй калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Алар 20-июнда же 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тест борборуна кайрылышы керек.

Белгилей кетсек, былтыр ЖРТга катталгандардын саны 41 280ди түзгөн.

Количество просмотров: 83