Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.
Депутат Зиядин Жамалдинов акыркы учурда мамлекеттик сыйлыктар көп берилип жатканын билдирди.
Мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча президенттин алдындагы комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева мурдагы президенттерге караганда азыркы өлкө башчы сыйлыктарды берүүнү азайтканын айтты.
Эске салсак, бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралып жатат.
Депутат Мирлан Бакиров эгерде жогорудагы мыйзам долбоору ишке ашып калса мамлекеттик ишмер маркум Султан Ибраимовго жана Төрөбай Кулатовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүүсү мүмкүн экендигин айтты.