• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жамангулов: Рысалиевдин “Каматам, түбүңө жетем”- деген СМС билдирүүлөрү бар

17 Бугу 201912:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

“Иманкадыр Рысалиев,”Укук коргоо органдарына дайындап, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар, ошолор далил болуп берет»,-деп «Мегаком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов 17-майда парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында баяндама жасап жатып билдирди.

Бугүн парламенттеги “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны жүрүп жатат. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком” “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

Парламенттеги КСДП жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын чечимдеринин негизинде “КТ Мобайл” компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп депутат Курманкул Зулушев тандалган. Бул комиссия бир ай ичинде өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен депутаттарды тааныштырууга тийиш.


Количество просмотров: 15