• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жамбылда дааратканада сабалган окуучу каза болду

2 Бугу 2024 15:06 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жамбыл облусунда айылдык мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болду. Бул окуя тууралуу журналист Данияр Алимкул «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, Байзак районунун Кумжота айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу 8-класстын окуучусун көчөдөгү дааратканада сабап, ал каза болгон.

Райондук билим берүү башкармалыгы 30-апрелде бул кайгылуу окуя боюнча кылмыш иши козголгонун, мектеп жетекчилигине карата кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Полиция 8-класстын окуучусун өлтүрүүгө жашы жете элек өспүрүм шектелип жатканын, ал тергөө абагына киргизилгенин кабарлады. Мындан тышкары мектептин жетекчилиги менен кызматкерлерине карата «балдардын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы» үчүн тергөө башталды.

30-апрель күнү кечинде Жамбыл облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда майрамдык иш-чаралардын алдында «укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле жашы жете электердин кылмыш чөйрөсүнө аралашуусуна жол бербөө максатында» жаштар көп чогулган жерлерде тартип сакчыларынын санын көбөйткөнүн маалымдаган.

Количество просмотров: 479