• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жамгырчиев 17-январда акыркы окуялар тууралуу маалымат берет

14 Үчтүн айы 2024 9:02 Бишкек Govori.TV

Депутат Эмил Жамгырчиев акыркы окуялар боюнча парламенттин 17-январдагы отурумунда кеңири маалымат берет. Бул тууралуу депутат өзү билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин имаратынан качып кеткен себебин, УКМКга барганга чейин кайда жүргөнүн айтып берерин кабарлаган.

Аны менен катар Өзбекстандын кримтөбөлү Салим Абдувалиевге жазган каты боюнча маалыматы жоктугун, ал эмне болгон кат экенин билбесин айткан.

«Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда айткам. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келатат. Мен катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок сессияга чыкканда, 17-январда мен да эмне болуп жатканы тууралуу сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот», — деген Жамгырчиев.

Количество просмотров: 239