• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖАМК: Абакка акча киргизүү фактысы аныкталды

15 Жетинин айы 2021 11:47 Бишкек Govori.TV

№1 тергөө абагына акча киргизүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу  Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-ноябрь күнү Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан соттолгондорго акча киргизүү аракети токтотулду.

«Атайын текшерүү учурунда күрмөнүн чөнтөгүнүн астына кылдат катылган 15 миң сом табылган. Аны соттолуп, абакта отурган жаранга берүү үчүн алып кирип баратканы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жазыктардын бирдиктүү реестерине катталып, тергөө башталды.

Количество просмотров: 785