• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖАМК: Абакка кирип чыккандар текшерилүүдө

18 Жалган куран 2020 16:03 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы коронавирусту жайылтпоо үчүн мекемеге караштуу бардык имараттарды дезинфекция кылып жатат. Ошондой эле абакта жаткандарга келгендердин дене табын текшерүү, түшүндүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

9-мартта №1, №16, №19 жана №25 мекемелерде отурган 200дөй соттолгон адам сот менен прокуратурадан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарды аткарууда алардын конституциялык укугун коргоп берүүнү талап кылып, ачкачылык кармап жаткандардын акциясы уланып жатат. Алар дарыгердин көзөмөлүндө.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Теги:
Количество просмотров: 57