• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖАМК «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалыматты четке какты

25 Бештин айы 202311:46 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай Бишкектеги №1 тергөө абагында экенин жана интернетте жалган маалымат таратылганын маалымдады.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарда Арстан Алай каза болгону тууралуу жаңылык чыккан.

Эске салсак, Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 15-январга чейин камакка алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналып жатат. 

Количество просмотров: 1979