• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ЖАМК: Атамбаевдин сүрөтү боюнча эки соттолуучу жазаланды

7 Жетинин айы 2020 15:44 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №47 абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүнүн Интернетке жарыяланып кеткени боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Атамбаевдин сүрөтү 5-ноябрда кечки текшерүү учурунда тартылганы аныкталган. Анда мурдагы президент башка соттолуучулар менен маектешип турган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 30 жылга кесилген 26 жаштагы соттолуучудан телефон табылган. Анын жанында 17 жылга соттолгон шериги болгон. Алар абак эрежесин бузгандыгы үчүн 15 суткага айып изоляторуна киргизилгени айтылды.

6-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абакта башка соттолуучулар менен турган сүрөтү Интернетке жарыяланып, социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусуна жем таштаган.

Количество просмотров: 1074