• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ЖАМК: Бектур Асанов бир кишилик камерада отурган жок

23 Жалган куран 2018 14:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018 Govori.TV
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып, түрмөдө жазасын өтөп жаткан Бектур Асанов коопсуздугумду сактап бергиле деп өзү суранган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма-сөз кызматы маалымдады.
 «Бектур Асанов отурган камера кезметчинин жанында жайгашкан. Эшиги жабык эмес. Каалаган учурунда тийиштүү чекке чейин сейилдесе болот. Ал бир кишилик камерада отурган жок. Отрядка кошпогонубуздун себеби, ал өзү коопсуздугумду сактап бергиле деп суранган»,-деп жазылат маалыматта.   
 Ошондой эле жаза аткаруу кызматы эркинен ажырагандар кандайдыр бир суроосу болсо, колониянын жетекчисине кайрылыш керектигин билдиришти. Бектур Асанов турмөдөгү отурган шарты боюнча Башкы прокурорго жана ЖАМКнын башчысына кат жазып, активист Адил Турдукуловдон берип жиберген.

 

Количество просмотров: 23