Саясатчы Бектур Асановго Түркияда операция жасалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, моюн, бел омурткаларына жасалган оор операция он сааттан ашык созулду.
Бектур Асанов ден соолугуна байланыштуу 7-февралда үй камагына чыккан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 9у тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.