Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринде абал тынч. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы бүгүн, 4-октябрда билдирди.
«Эч кандай баш аламандык катталган жок. Бардык мекемелер онлайн режиминде көзөмөлдөнөт. Баары кадимкидей иштеп жатат», — деп белгилейт ЖАМК.
Кошумчалай кетсек, бүгүн кримтөбөл Камчы Көлбаевди Бишкекте кармоо операциясы жүргөн. УКМК тараткан маалыматка ылайык, операциянын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынган.