• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖАМК кызматкерлеринин коронавирус жуктурганын кайра төгүндөдү 

18 Бугу 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алган деген маалыматы туура эмес. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Жазаларды аткаруу кызматынан белгилешкендей, алардын кызматкерлери медицина кызматы тарабынан текшерилип, экспресс-тест тапшырып турушат. Кызматкерлерде коронавирустун белгилери пайда болгон учурда, алар текшерилүү жана дарылануу үчүн Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жөнөтүлөт.

«Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери жатат. Алардын бирөөнө пневмония диагнозу коюлган. Калгандары коронавируска күмөн болуп дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ден соолугунун начарлашы боюнча алар тараптан арыздануу болгон эмес. Бирок алардан коронавирус аныкталды деп айтууга эрте. Себеби, алар жакында кайра ПЧР анализ тапшырышы керек», — деп жазылат  Жазаларды аткаруу кызматынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Жазаларды аткаруу кызматы, алардын кызматкерлери жана камакта отурган жарандар арасында коронавирус жуктургандар жок экенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 77