Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Жогорку соттун өкүмү Жапаровдун мөөнөтүнөн мурда бошонуусуна же жатак колониясына которулуусуна жол бербейт.
“Соцтармакта жарыяланган документтер чынында эле №1 түрмөдөн берилген. Бирок алдын ала сүйлөшүп алуу менен бир нече адамдын уюшуп барымтага алуусун уюштурган деп айыпталган Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт. Мындай айып күнөөкөрдүн мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна же жатак колониясына которулушуна жол бербейт”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ЖАМК аталган документтерди берүүдө абак жетекчилиги жогоруда айтылган нормаларды эске албаганын белгилеген. Билдирүүдө ушу тапта кызматтык териштирүү жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жазаланары кошумчаланган.