• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖАМК СИЗО-1дин коронавирус жуктурган кызматкери тууралуу билдирүү жасады

8 Бугу 2020 13:20 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирустук инфекция жуктурган деген маалымат боюнча билдирүү жасайт:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оперативдүү штабынын 08.04.20-жылдагы «Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө» буйругунун негизинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматы кызматкерлерди кононавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө жүргүзүп келет. Аталган кызмат тарабынан уюштурулган COVID-19 илдетин эрте аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам текшерүүдө Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда кызматкерлердин бири вируска шектүү экендиги аныкталган. Андыктан, кызматкер менен байланышкан адамдар жана №1 СИЗОнун бардык кызматкерлери, ошондой эле кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү менен тиешелүү чаралар көрүлгөн жана бардыгынын анализдеринин жыйынтыктары терс болуп чыккан.
Кийинки күнү 5-майда вируска шектүү кызматкердин кайталанган ПЦР анализинин натыйжасы терс болуп чыккан жана үй шартында көзөмөлдөөдө болгон.
ЖАМК Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык инфекциялык ооруканасынан аталган кызматкер 7-майдан тарта стационардык дарылоого жаткырылгандыгы тууралуу маалыматты бүгүн, 8-майда алды. Учурда вируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында экени анык. Анын ден-соолугуна даттануусу жок, абалы канааттандырарлык.
Учурда ЖАМКнын медициналык кызматы тарабынан кызматкерлерди кононавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө жүргүзүү улантылып жатат.
ЖАМК Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта Жазаларды аткаруу системасын бөлүп көрсөтүү одоно көрүнүш экенин жана бул маалымат коомчулукту беймазага саларын билдирет.

Количество просмотров: 112