Мунапыс боюнча 608 соттолуучу бошотулган, 3 миң 66 соттолуучунун жаза мөөнөтү кыскартылган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайы эсеп бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Термечиков билдирди.
2019-жылдын башынан бери 8 миң 590 соттолуучунун иши кайра кароого жөнөтүлүп, натыйжада соттор тарабынан 8 миң 63 иш кайра каралып чыккан. Ал эми мунапыс боюнча 608 соттолуучу бошотулуп, 3 миң 66 соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган,-деп билдирди Бакытбек Термечиков.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы колонияларда 9 миң 902 соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөп жатат.