• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖАМКнын паракор кызматкеринин кош жарандуулугу болгон

2 Бугу 2018 13:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV
Өткөн жумада пара менен кармалган ЖАМКнын көчмө механизатордук колоннасынын начальнигинин кош жарандуулугу болгон. Бул тууралуу  УКМКдан кабарлашты.
Ал маалыматка таянсак,  кылмыш жасап , тагыраак айтканда, пара менен кармалган абак кызматкери УКМКнын кызматкерлерине өзү пара сунуштап, из жашыруунун аракетин жасаган. Бирок, тергөө учурунда анын жанынан башка өлкөнүн паспорту табылган. Азыр ага кошулуп, ЖАМКнын башка кызматкерлерине да экономикалык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши ачылды. Алар документтерди жасалмалоо жолу менен курулуш материалдарын сатып алууда сол чөнтөккө акча сологон жана айлык маяналарын да жасалма түрдө көбөйтүп келишкен. Азырынча, булардын мамлекетке келтирген зыяны 2,5 млн. сом деп эсептелүүдө.
Количество просмотров: 21