Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Аскат Эгембердиев дайындалды. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка 13-октябрда өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Аскат Эгембердиев буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Аскат Раимжанович 1968-жылы Бишкек шаарында туулган, жогорку билимдүү. 1987-жылдын 26-августунан 1989-жылдын 30-майына чейин милдеттүү түрдө аскер кызматын өтөп, 1993-жылдын 30-ноябрынан баштап ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган.
Ал Жаза аткаруу тутумунда 1996-жылдан бери кызмат өтөп, ар кандай кызматтарды аркалап келген.