• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жанар Акаев акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө  барам деген аксакалга жолукту

9 Тогуздун айы 2018 14:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.10.2018. Govori.TV
Акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө  барам деген 63 жаштагы аксакалга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жолукту. Бул туурасында депутат өзү билдирди.
Анын айтымында аксакал күч органдарына нааразы.
«Баткенден чындык издеп жөө Бишкекке барам деген аксакалга Ош шаарында жолуктум, күч органдарына болгон нааразылыгын уктум. 63 жаштагы аксакал азыр адвокат жалдап, уулунун актыгын далилдөө аракетин көрүп жатыптыр, депутат катары мыйзамдын алкагында ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экенимди айттым. Мен эмне үчүн сотторду жана Акыйкатчы шайлоодо элге жакын, адилет адамдарды шайлайлы деп какшап келатам, анткени ушундай адамдарды жөө жалаңдатып көчөгө бастырбай, үнүн угуп, жардам берчү кишилер аз»,-дейт эл өкүлү.
Эске салсак, Саидраим Абдилатов Баткенден Бишкек шаарына чындык издеп жөө жөнөгөн. Өзү жашаган Бужум айылынан жол тарткан аксакал Кызыл-Кыяга жакындап калып,бирок артка кайткан.
Аксакал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгы анын уулун бейкүнөө 2 айга камап койгондугун айткан.

https://www.youtube.com/watch?v=3d28kKXg2cY

Количество просмотров: 8