• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жанар Акаев: «Биз жаштардын үнү, трибунасы болуп беребиз»

7 Бештин айы 2018 17:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.12.2018. Govori.TV
Жаштар менен тыгыз иш алып барып, алардын ойлорун, сунуштарын, идеяларын угуп, биз жаштар үчүн трибуна болуп беришибиз керек. Мындай пикирин бүгүн Жанар Акаев Жогорку Кеңеште өткөн “Жаштар платформасы” иш чарасында билдирди.
“Парламенттеги жаш депутаттарга мандатты сиздер бергенсиздер. Биз жаштар менен үч жылдан бери иштешип, сиздердин кызыкчылыктарды алдыга жылдырганга аракет кылып жатабыз. Ошондуктан бизге берген мандатты, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн сиздер да пайдаланышыңыздар керек. Биз сиздерге трибуна, үнүңөр болуп беришибиз зарыл. Биз бир гана шайлоо алдында гана кызматташпай, такай ушундай учурларда да жаштардын ойлорун, сунуштарын угуп иштешип турушубуз керек. Мындан ары жаштар ар кандай саясий оюндардын курмандыгы болбошу керек“,-дейт Жанар Акаев.
Эл өкүлү тарыхка токтолуп, Кыргызстандын түптөлүшүнө улуу инсандар жаштыгына карабай керек болсо өмүрүн берип эбегейсиз чоң салым кошконун белгилеп өттү.
“Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Айдарбеков, Баялы Исакеев. Мына ушулар жаштайынан саясатка аралашып, 17-18 жашында Москвада съездде олтуруп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп сүйлөгөн. Бирок алардын баары 40ка жетпей атылып, саясий репрессиянын курмандыгы болушкан. Ошол биздин аталарыбыз Кыргызстанды түптөп жатканда болгону 20 жаштын тегерегиндеги улан-кыздар болгон. Андан кийинки келген муун жакыр, экономикасы чабал болгону менен эркин, эгемен Кыргызстанды таштап кетишти. Мындан ары биз жаштар биргеликте өнүккөн Кыргызстанды куруунун аракетин көрүшүбүз керек. Биз жаштардын сунуштарын такай колдойбуз“,-деди Акаев.
Жанар Акаевдин демилгеси менен экинчи ирет өтүп жаткан “Жаштар платформасы” өкмөткө ар кайсы тармак боюнча реалдуу сунуштарды берет. Жанар Акаевдин айтымында, былтыркы платформада айтылган сунуштардын 50%ы ишке ашкан. Максатка толук жетүүгө каржы тартыштыгы тоскоол болгон.
Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынын 120дан ашуун активдүү жаштар келди.
Бүгүнкү иш-чарада жаштар өкмөткө алты тармак боюнча бир-нече сунуш беришти.

Булак: «Калыс Медиа»

Количество просмотров: 14